Кыргызстанда былтыр товарлардын сыртка чыгарылышы 2014-жылга салыштырмалуу 11 пайызга кыскарды. Анын жалпы көлөмү 1676,4 миллион долларды түздү. Буга алтын, пахта, сүт азыктарын жана жашылча-жемиштерди сыртка сатуу көлөмү азайганы себеп болгон. Маалыматка ылайык, алтынды сатуу 7,2 пайызга, кийим-кече 2,3 эсеге, жашылча-жемиш 36,1 пайызга кыскарган.
Өкмөт экспортту өнүктүрүүгө стратегия иштелип чыкканын, бирок буга карабай аймактагы экономикалык абал экспорттун кыскарышына шарт түзгөнүн билдирүүдө.(BkA)