Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

Ислам кайра жаралуу партиясынын адвокатынын үстүнөн сот башталды


Тажикстандык адвокат Бузургмехр Еров.
Тажикстандык адвокат Бузургмехр Еров.

Тажикстандын баш калаасы Душанбеде өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын активисттерин жактап жүргөн адвокаттын үстүнөн сот процесси башталды.

Бузургмехр Еров алдамчылык жана экстремизм боюнча айыпталууда. Еров менен бирге дагы бир нече киши соттолууда.

Еров өткөн жылдын сентябрь айында партиянын бир канча активисттери кармалган соң камакка алынган. Ал алгач алдамчылык жана мыйзамсыз документтерди жасоо деген кинелер менен айыпталган. Декабрда ага экстремизм боюнча кошумча айыптар тагылган.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Эл аралык Amnesty International уюму Еровдун ишинин саясий жүйөсү бардыгын айтып, сот процесси адилетсиз өтүү коркунучу бардыгын эскерткен. Ислам кайра жаралуу партиясынын ишмердигине өткөн жылы тыюу салынган. Бийлик ислам партиясын былтыр 4- сентябрда Душанбенин жака белинде болгон чабуулдарды каржылаган деп айыптаган.

Партиянын чет өлкөдө жүргөн лидери Мухиддин Кабири ага жана анын партиясына каршы тагылган айыптардын баарын саясий өңүттө экенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG