Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:44

АКШ: “Гози” вирусун ойлоп тапкан орусиялык программист абактан бошотулду


Кузьмин элдин банк эсептеринен акчаны шыпырып алган вирус ойлоп таап, аны кылмышкер хакерлерге саткан.
Кузьмин элдин банк эсептеринен акчаны шыпырып алган вирус ойлоп таап, аны кылмышкер хакерлерге саткан.

АКШда "Гози" компьютердик вирусун ойлоп тапкан орусиялык программист Никита Кузьмин абактан бошотулду. Ал үч жылга эркинен ажыратылган, бирок бул убакытты камакта соттун чечимин күтүп жатып эле өтөп койгон. Сот Кузьминге жети миллион долларга жакын айыппул салды.

Прокуролор аны киберкылмышкер деп атап жети жылга эркинен ажыратууну талап кылышкан. Кузьмин элдин банк эсептеринен акчаны шыпырып алган вирус ойлоп таап, кылмышкер хакерлерге саткан. "Гози" вирусу АКШ да жалпысынан 40 миңден ашык компьютерге киргизилген.

Кузьмин менен кошо латвиялык Деннис Чаловкис жана румын Михай Йонут Паунеску кармалган. Тергөө менен кызматташууга барганы үчүн программисттердин жазасы жеңилдетилген.

XS
SM
MD
LG