Испаниянын Улуттук соту мафияга байланышы бар делген орусиялык саясатчыларды жана жогорку даражадагы аткаминерлерди камакка алуу чечимин чыгарды. El Mundo басылмасы маалымдагандай, алардын арасында Маңзаттарды көзөмөлдөө федералдык кызматынын жетекчи орун басары Николай Аулов жана “Единая Россия” партиясынан депутат Владислав Резник да бар.
Судья Хосе де ла Мата жарыялагандай, тизмедеги ар бир шектүү адамга карата оор кылмыштарды жасоо, анын ичинде адам өлтүрүү, мыйзамсыз курал жана маңзат жүгүртүү, арам акчаны адалдаштыруу жана коррупция сыяктуу кылмыштарга барганы тууралуу олуттуу далилдер бар.
Соттун чечиминде Резник “Тамбов уюшкан кылмыштуу тобунун” авторитети саналган Геннадий Петровдун кызыкчылыгына Орусиянын бийлик структураларынын алдында мыйзамсыз жана мыйзамдуу аракеттерди жүргүзүп келгени айтылган.
Ал эми Аулов испан сотунун версиясы боюнча, Петровго зыян алып келе турган адамдарды өз кызматынан кыянаттык менен пайдалануу менен коркутуп-үркүтүп келген. Мындан тышкары сот Аулов менен байланышы бар делген Леонид Христофоров, ошондой эле Орусиянын тергөө комитетинин мурдагы жетекчи орун басары Игорь Соболевский да камакка алуу чечимин чыгарган.
Орус мафиясы тууралуу 2008-жылы Испанияда “Тамбов уюшкан кылмыштык уюму” менен байланышы бар делген бир нече орусиялык камалган соң маалым болгон. Анда Геннадий Петров өзү да кармалган. Бирок 2012-жылы Орусияга убактылуу чыгып келүүгө уруксат алып, кийин Испанияга кайтып барган эмес. Ошондой эле материалдарда вице-премьер-министр Дмитрий Козактын, Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкиндин, мурдагы Коргоо министри Анатолий Серюдковдун ысымдары да бар экени айтылууда. Алардын да кайсы бир деңгээлде Петров менен алака-катышы бар болгону жазылган.