Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш Көк-Таш айылында милиция кызматкерлери эки өлкөнүн окуучулары мектепке каттаган жолду көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Адылбек Набиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, азыр Көк-Ташта абал тынч. Мектеп окуучулардын урушунан кийин кыргыз-тажик укук коргоо органдары менен биргеликте эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
30-апрелде Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Исфара районундагы Дахма айылынын окуучуларынын ортосундагы чатак чыккан. Кыргызстандын чек ара кызматы билдиргендей, мектептен тараган окуучулар айтыша кетип, анын аягы бири-бирине таш ыргытуу менен аяктаган. Эки тараптын мугалимдери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ата-энелер келишип, абал жөнгө салынган. Окуяда эч ким жабыр тарткан жок. Чек ара тилкесинде жайгашкан бул аймакта кыргыз-тажик айылдарынын ортосун бир гана жол бөлүп турат. (NT/JsA)