Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен Жапониядагы жаңы дайындалган кыргыз элчиси Чыңгыз Айдарбековдун 2-майдагы жолугушуусунда айтылды.
Өкмөт башчы Жапониядан инвесторлорду тартуу боюнча тапшырма берди. Ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү багытында иш-аракеттер жүргүзүлүшү керектигине токтолду.
Былтыр Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ Кыргызстанга келген кезде эки өлкө ортосунда 120 миллион долларлык келишимдерге кол коюлган. Бул каражат Ош-Баткен-Исфана автожолун оңдоого, "Манас" аба майданындагы жабдууларды жаңыртууга жумшалары айтылган. (NT)