Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын курама командасы менен калыстар тобунун кийимдери үчүн сынак жарыяланды. Бул тууралуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциядан кабарлады.
Дизайнерлер сунуштаган улуттук кийимдердин үлгүлөрү 10-майга чейин кабыл алынат. Тандоодо кыргыздын улуттук өзгөчөлүктөрү, белгилери менен иштелип чыккан эскиздерге басым жасалат. Сынактын жеңүүчүсү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ардактуу конок катары чакырылып, кийимдерге байланышкан иш-чараларга катышат.
Көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде болот. Биринчи жолу бул иш-чара 2014-жылы Ысык-Көлдө өткөн. Ага Кыргызстандын, Азербайжан, Беларус, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Орусиянын өкүлдөрү катышкан. Быйылкы эл аралык оюндарга келгендер улуттук спорттун 26 түрү боюнча күч сынашат. (NT)