Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Нарында республикалык спартакиада башталат


Нарын шаары.
Нарын шаары.

Окуучулар арасында өткөрүлчү республикалык спартакиада бүгүн Нарын шаарында башталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Анын айтуусунда, 4 - 7-май күндөрү өтө турган спартакиадага жети облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 450дөй окуучу катышары күтүлүүдө. Мелдеш спорттун алты түрү боюнча өткөрүлөт: шахмат, улуттук күрөш, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, стол үстүндө теннис жана ордо. Спартакиада Нарын, Кочкор жана Ат-Башы райондорунда болот.

Иш-чара быйылкы Тарых жана маданият жылына, Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына карата уюштурулууда. (MiK)

XS
SM
MD
LG