АКШнын президенттигине Республикачылар партиясынан талапкер Тед Круз Индиана штатындагы алдын ала шайлоолордо олуттуу жеңилүү ызасын тартып, президенттикке ат салышуудан баш тартканын жарыялады. Бул жагдай Дональд Трамп республикачылардан президенттикке жалгыз талапкер катары чыгышы мүмкүндүгүн көрсөтүүдө. Анткени анын башкы атаандашы катары Тед Круз саналып келаткан.
Трамп Индианадагы партиялык шайлоодо жеңишке жетти. Ага республикачылардын жарымынан көбү добуш берген. Эгерде сенатор Тед Круз бул штатта утуп чыкса, Дональд Трамп партиялык курултайда 1238 добуш топтой алмак эмес. Индианада Трамп Республикачылар партиясынан президенттикке талапкер катары ат салышууга керектүү добуш топтоого жетишти.
Республикачылар партиясынан үчүнчү талапкер, Огайо штатынын губернатору Жон Кэйсик сыноонун аягына чейин күрөшөрүн жарыялады. Бирок анын мүмкүнчүлүгү дээрлик жокко эсе.
Ал эми Демократиялык партиядан Берни Сандерстин жеңиши күтүүсүз болду. Анткен менен Хиллари Клинтон мурдагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыгында алдыда келатат.
АКШда президенттик шайлоо быйыл ноябрда өтөт. Ага чейин президенттикке умтулгандар штаттарды аралап, партия ичинен тандалган талапкерликке жетүү үчүн атаандашып жатышат.