Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:29

Малды идентификациялоо өнөктүгү башталууда


Мал базар.
Мал базар.

Кыргызстанда малды идентификациялоо өнөктүгү башталууда. Бул тууралуу өкмөт алдындагы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, малды идентификациялооло жумуштары алгач Ноокат, Кара-Буура жана Ысык-Ата райондорунда башталат. Бул райондор пилоттук аймак катары тандалып алынды.

Жылдын аягына чейин бул райондордо 800 миң баш уйду идентификациялоо пландалууда.

Жумакановдун маалыматында, учурда идентификациялоо боюнча маалыматтык система түзүлүп жатат. Андан соң атайын тендердин негизинде малдын кулагына тагылчу биркалар сатылып алынып, сентябрь айынан тарта ири мүйүздүү малга тагылат. Ошондой эле ар бир мал башына идентификациялык номерлер берилет.

Кийинки жылдан тарта өлкөнүн башка аймактарында жүргүзүлөт.

Кыргызстанда малды идентификациялоо боюнча мыйзам 2013-жылы кабыл алынган. Буга чейин менчик малды идентификациялоо милдети Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга жүктөлгөн. Айыл чарба министрлигинин буга чейинки иштери начар деп бааланып, Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга эки жума ичинде иш-план даярдап келүүнү тапшырган.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 400 миң жылкы, 1,5 миллион уй, төрт миллиондой майда жандык, 7 миллионго чукул канаттуу бар.(BkA)

XS
SM
MD
LG