Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Эстония Орусиянын Балтика аба мейкининдеги ээнбаштыгына нааразы


Орусия учагы АКШ кемелерине жакын келген учуру, 12-апрель, 2016-жыл.
Орусия учагы АКШ кемелерине жакын келген учуру, 12-апрель, 2016-жыл.

Эстониянын коргоо министри Ханес Хансо 3-майда Францияга иш сапары учурунда Орусиянын аскерий учактары Эстониянын аба мейкиндигин такай бузарын билдирди.

“Алар транспондерлерин өчүрүп коюп учкандыктан жарандык учактардын коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө”, дейт Ханес Хансо. Анын ырасташынча, аскердик радарлар учактын келатканын байкайт, ал эми жарандык учактар аны көрө алышпайт.

“Мындай өзүм билемдик бир кырсыкка алып келиши ыктымал”, деп айтты Хансо.

Эстония министри Балтика жээгиндеги мамлекеттер июль айында Варшавада боло турган НАТО саммитинде Орусиянын “мындай жүрүм-турумдары” кабыл алгыс экенин билдире турушкандыктарын эскертти. АКШнын аскерий башчылары да орус учактары Балтикада опурталдуу маневрларды жасап жатканын айтып келишет. (AiT)

XS
SM
MD
LG