Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:15

“Центерра Голддун” быйылкы дивиденди “Кыргызалтынга” которулбайт


"Кумтөр" алтын кени.
"Кумтөр" алтын кени.

Бул тууралуу Кыргызстандын атынан “Центерра Голддун” директорлор кеңешинин мүчөсү Кылычбек Шакиров “Азаттыкка” билдирди. Компаниянын директорлор кеңешинин 3-майдагы жыйынында “Центерранын” финансылык абалы тууралуу маалымат берилген. Ага ылайык, компания быйылкы жылдын алгачкы үч айында 18 миллион доллар пайда менен чыккан. Бул киреше “Центерранын” акционерлерине дивиденд катары төлөнөт.

“Бул дивиденд катары бөлүнчү каражат “Кыргызалтындын” эсебине которулбайт. Себеби, Кыргызстанга каршы төрт доо арыз эл аралык соттордо каралып жаткандыктан “Кыргызалтындын” эсептери убактылуу жабылган. Бирок биз буга макул болбой, өкмөткө каршы доолор үчүн “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун эсептеринин жабылышы туура эмес деп айтып келебиз”,- деди Кылычбек Шакиров.

Кыргызстан «Кыргызалтын» ишканасы аркылуу «Центерра Голддун” эң ири акционерлеринин бири. Анын үлүшү 77 401 766 акция же 33% пайызды түзөт.

Буга чейин канадалык “Stans Energy”, түркиялык “Систем Мюхендислик” компанияларынын дооcу боюнча “Центерра Голддогу” Кыргызстандын акциялары камакта турган.(BkA)

XS
SM
MD
LG