Республиканын батышындагы Орол шаарынын ондогон тургундары 4-майда нааразылык акциясына чыгып, жерди аукцион аркылуу сатууга жана менчиктештирүүгө каршылыгын билдиришти. Полиция Орол шаарынын Абай атындагы башкы аянтын курчоого алды. Акцияга чыккандар менен облус акиминин орун басары Арман Утегулов жолугуп, жер чет өлкөлүктөргө сатылбасын, ал эми митингге чыккандарды куугунтуктоо болбосун билдирди. Митингчилер 21-майда кайрадан митингге чыгууну убадалап, таркап кетти. Жерди узак мөөнөткө чет өлкөлүктөргө ижарага берүүгө жана аукцион аркылуу сатууга каршы чыккан калтын бөлүгү Казакстандын бир нече шаар, облустарында митинг өткөрүшкөн. (AiT)