"Хьюмен Райтс Уотч" уюму жана Норвегиянын Хельсинки комитети тажик бийлигине кайрылып, адам укуктарын коргогон адвокаттарды тез арада бошотуу талабын койду. 4-майда биргелешип чыгарылган билдирүүдө Шухрат Кудратов, Бузургмер Еров, Нуриддин Махкамов, Дилбар Додожонова жана белгилүү адвокат Исхак Табаровдун эки уулу да “саясий мотив менен камакка алынганы” белгиленген. Билдирүүдө адам укугун коргоо багытында иштеген башка юристтер, адвокаттар да телефон аркылуу коркутуулар болгонун кабарлашканы айтылган.
"Хьюмен Райт Уотчтун" Борбор Азиядагы иликтөөчүсү Стив Свердловдун айтымында, тажик өкмөтү “адвокаттар оппозицияны колдоо менен проблема жаратууда” деп, аларды кысымга алууда. (AiT)