Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

Атамбаев: АКШ менен жаңы келишим даярдалууда


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Кыргызстан - АКШ кызматташуусу боюнча жаңы келишим даярдалып жатканын президент Алмазбек Атамбаев орусиялык “Интерфакс” агенттигине берген маегинде айтты. Президент былтыр кыргыз өкмөтү АКШ менен кызматташтык келишимин денонсациялаган соң Кошмо Штаттар менен алакада өзгөрүүлөр болгонун белгиледи.

“Кызматташтык боюнча жаңы келишим жөнүндө айтсак, бул иштеп чыгуу стадиясында турат. Эгер келишимге кол коюлса, ал Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына жооп берет” - деген Атамбаев АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Бишкекке келгенде эки тараптуу алаканын бардык маселелери ачык талкууланганын дагы айтты.

Былтыр 21-июлда кыргыз өкмөтү АКШ менен1993-жылы кабыл алынган кызматташуу келишимин бир тараптуу жокко чыгарган. (BkA)

XS
SM
MD
LG