Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Бишкекте “"Эсти оодарган үлпөт” тасмасы акысыз көрсөтүлөт


Баш мыйзамдын кабыл алынган күнүнө карата бүгүн Бишкекте “Эсти оодарган үлпөт” тасмасы элге бекер көрсөтүлөт. “Реформа жана натыйжалар үчүн” жарандык коому менен “Фридом Хаус” уюму майрамга карата бардык каалоочуларды кечки 5тен 7ге чейин башкалаадагы “Октябрь” кинотеатрына чакырат.

Франциялык режиссер Филипп де Шоврондун 2014-жылы тарткан тасмасы комедиялык мүнөздө. Фильмде бир үй-бүлөнүн кыздарынын ар кайсы улуттун өкүлдөрүнө турмушка чыгышы, андан аркы туугандар арасындагы ич ара пикир келишпестиктер тамаша иретинде чагылдырылган. Тасманы сатуудан дүйнө жүзү боюнча 200 миллион доллардан ашык акча түшкөн. (NT)

XS
SM
MD
LG