Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин Баш мыйзам күнүнө карата кыргызстандыктарга жолдогон куттуктоосунда айтылат. Анда Конституция кабыл алынгандан бери анын үстүнөн бир катар эксперименттер жүргүзүлүп, эки үй-бүлөлүк режимдин жеке кызыкчылыктарына ылайыкталып оӊдолуп-түзөлүүгө дуушар болгону белгиленген. Ошондой эле 2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган жаӊы Конституция өлкөнү оӊ өзгөрүүлөргө карай бурганы, айрым кемчиликтери болгонуна карабай, өлкөнүн кайра жаралуусуна жана укуктук демократиялык мамлекетти курууга башат болуп бергени да жазылган.
“Турмуш баарын орду-ордуна коюп жатат: мыйзамдардагы биздин кулк-мүнөзүбүзгө жат жана жасалма таӊууланган нерселер өзүнөн-өзү жокко чыгып, анын орду Кыргызстандын кызыкчылыктарына төп келген эрежелер жана жоболор менен толукталууда”, - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.
Мындан тышкары өлкө тагдыры үчүн ар бир атуул жоопкер экенин эскертип, мыйзамды сыйлап жашоого жарандарды чакырган. (NT)