Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

БУУнун өкүлдөрү өлкө аймактарын кыдырууда


Бириккен Улуттар Уюмунун Аткаруу кеңешинин жана агенттиктеринин өкүлдөрү Кыргызстандын аймагын кыдырууда. Улуттар уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, учурда Ош жана Баткен облустарында жүрүшөт. Алар жергиликтүү тургундар, бийлик органдарынын өкүлдөрү менен жолугуп, БУУнун программаларынын алкагында аткарылып жаткан долбоордун жүрүшү менен таанышат.

Улуттар уюмунун ар кыл агенттиктеринде эмгектенген толук жана ыйгарым укуктуу элчилер, ага дипломатиялык кызматкерлер Кыргызстанда 2-майда келген. Алар Кыргызстанда иш алпарган БУУнун Өнүктүрүү ( ПРООН), ЮНИСЕФ, БУУ Аялдар, Азык-түлүк программалары аткарып жаткан иштери жана жыйынтыктары менен таанышат.(BkA)

XS
SM
MD
LG