Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:30

Кыргызстан картошка илдети боюнча дооматты четке какты


Казакстандын айыл чарба министрлигинин "Кыргызстандан илдетке чалдыккан картошка жөнөтүлдү" деген маалыматы негизсиз. Бул тууралуу өкмөт алдындагы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда Кыргызстандан Казакстанга жөнөтүлгөн картошка атайын лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлөт.

“Жыл башында Казакстан Кыргызстандан келген картошкада алтын түстүү нематода деген илдет табылганы боюнча маалымат берген. Биз дароо чара көрүп, картошканы атайын лабораториялык текшерүүлөрдөн өткөргөнбүз. Анын жыйынтыгы менен жалаң гана таза картошка өткөрүлүп жаткан”,-деди Жумаканов.

Калысбек Жумакановдун пикиринде, Казакстандын Кыргызстандын картошкасына тыюу салышы эч бир илдетке байланышы жок. Коңшу өлкө быйыл өзүндө картошка көп айдалгандыктан базарын коргоо үчүн ушундай кадамга барууда.

4-майда Казакстандын айыл чарба министрлиги Кыргызстандан картошка алып кирүүгө убактылуу тыюу салган. Казак тарап өз чечимин Кыргызстандан кирген картошкада илдет табылганы менен түшүндүргөн.(BkA/AzK)

XS
SM
MD
LG