АКШда “Республикачылар” партиясынан президенттикке аттанган Жон Кейсик талапкерлигин алып салганын жарыялады. Муну менен Дональд Трамп аталган партиядан мамлекет башчылыкка аттанган жалгыз талапкерге айланды.
Кейсик марадан чыгарын Огайо штатында 4-майда жарыялады. Ал ушул штатта Трамптан бир кыйла көп добуш алган.
Кейсик шайлоодон четтегенин жарыялардан бир күн мурун Трамптын дагы бир негизги атаандашы саналган Тед Круз мелдештен чыкканын билдирген эле.