Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Укук коргоо кыймылы Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы


Бул тууралуу “Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын Конституция күнүнө карата тараткан билдирүүсүндө айтылат. Анда укук коргоо кыймылы саясатчылар жана аткаминерлердин Конституцияны өзгөртүү аракетин токтотууну, 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамды сактоо, сот реформасын ишке ашыруу, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечиминин негизинде укук коргоочу Азимжан Аскаровго эркиндик берүү, жарандык коом жана бейөкмөт уюмдардын укугун чектеген мыйзамдык демилгелерден баш тартуу жана Улуттар уюмунун адам укугу жаатындагы Кыргызстанга сунуштаган 664 сунушту аткарууну талап кылган.

Билдирүүдө Кыргызстандагы адам укуктары боюнча абалга баа берилип, жарандардын конституциялык укуктары корголбой жатканы баяндалган.(BkA)

XS
SM
MD
LG