Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Түркмөнстан президенти Умра зыяратына барды


Гурбангулы Бердымухамедов Кытайга жасаган иш-сапары учурунда. 2012-жыл
Гурбангулы Бердымухамедов Кытайга жасаган иш-сапары учурунда. 2012-жыл

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Сауд Арабияга расмий иш сапар менен барып, 3-май күнү Мекке шаарындагы ыйык жерлерге зыярат кылды жана министрлердин коштоосунда Умра амалын аткарды. Бул тууралуу “Хроника Туркменистана” басылмасы кабарлады.

Умрадан соң Бердымухамедов Медина шаарындагы ыйык саналган мечиттерге барган.

Түркмөнбашы 1-3-май күндөрү Сауд Арабияда расмий сапарда болгон.

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев да 2014-жылы аталган өлкөгө жасалган расмий иш сапары учурунда Умра амалдарын аткарып келген.

Умра - шарият тилинде кичи ажылык деп да аталат.

XS
SM
MD
LG