Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, 4-майда Кувейттеги кыргыз элчиси Жусупбек Шарипов менен аталган өлкөнүн Спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчи орун басары Ахмад Абдулраззак Аль-Кхазал жолугушту.
Тараптар спорт тармагында эки тараптуу кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюшту. Ошондой эле жаштар багытында кызматташуу, көчмөндөр оюндарына кувейттик спортчулардын катышуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөштү. Кувейттин өкүлү быйыл сентябрда Ысык-Көлдө өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий чакыруу алды. (NT)