Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

ФИФА рейтингинде Кыргызстан кайрадан 100-орунда


Кыргызстан футболчулары Тажикстандын командасы менен беттеште.
Кыргызстан футболчулары Тажикстандын командасы менен беттеште.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) рейтингинде өткөн айда ээлеген 100-орунду сактап калды. Бул тууралуу ФИФА сайтында 5-майда жарыяланган рейтингде белгилүү болду. Маалыматка караганда, учурда улуттук курама команданын эсебинде 342 упай бар. Бул акыркы алты айдагы бешинчи мыкты көргөзгүч болуп саналат. 29-мартта Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын жыйынтыктоочу 10-турунда тажикстандык атаандаштарын менен утуп алган.

Апрель айында башкы машыктыруучу Александр Крестининдин шакирттери расмий беттештерге катышкан эмес. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын ФИФА рейтингинде 100-катардан орун алышы кыргыз футболунун тарыхындагы эң мыкты көрсөткүч болуп саналат.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан 66, Казакстан 117, Түркмөнстан 127, Тажикстан 167-орунда. Алдыңкы беш мыкты улуттук курама командалардын көч башын Аргентина, Бельгия, Чили, Колумбия жана Германия өлкөлөрү жетектейт.(ECh)

XS
SM
MD
LG