Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

Бишкекте 9-майда аскердик парад өтпөйт


9-май, 2015-жыл
9-май, 2015-жыл

Быйыл 9-майда Жеңиш күнүнө карата борбор калаа Бишкек шаарында аскердик парад болбойт. Анын ордуна Жеңиш аянтында митинг-реквием өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Митинг-реквиемге мамлекет башчылары, согуш жана эмгек ардагерлери, шаары тургундары катышат.

Ошондой эле “Өчпөс полк” аттуу жүрүш өтөт. Анда Бишкектин тургундары согуш катышуучулары жана кайтпай калган аскерлердин сүрөттөрүн көтөрүп, Түштүк Дарбазадан Жеңиш аянтына чейин жүрүш кылышат.

Мэриянын маалыматы боюнча, быйыл Ала-Тоо аянтында парад 31-августта Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына карата өтмөкчү.(BkA)

XS
SM
MD
LG