Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

НАТО: "Аль-Каида" талиптер менен жакындашууда


Ооганстандын коопсуздук күчтөрү Кундуз провинциясында талиптерди туткунга алышты.
Ооганстандын коопсуздук күчтөрү Кундуз провинциясында талиптерди туткунга алышты.

“Аль-Каида” эл аралык террордук уюму Ооган өкмөттүнө каршы талиптер менен кызматташып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу 5-майда НАТОнун аталган өлкөдөгү күчтөрүнүн маалымат катчысы Чарльз Кливленд билдирди.

- Биздин оюбузча, алар өз алдынча Ооган өкмөтүнө реалдуу коркунуч жарата алышпайт. Бирок, биздин болжолубузда, “Аль-Каида” “Талибан” менен жигердүү кызматташа баштады. Алар каражат жана мүмкүнчүлүк, ыкмаларынан бөлүшүп, “Талибандын” дымагын арттырышы ыктымал, - дейт НАТО өкүлү.

НАТО өкүлүнүн эсебинде Ооганстанда бир нече жүз алькаидачылар бар. Алардын саны кескин азайганына карабай, дагы деле кыска убакытта баштагы күчүн калыптандырып, кооп жарата алышат. Чарльз Кливленд Ооганстандагы апийим түшүмүнүн жакшы болушу талиптердин чыңдалышына өбөк болорун кошумчалады.

XS
SM
MD
LG