Түркмөнстанда башталган ат чабыш 2017-жылдын сентябрында Ашхабадда өтчү жабык майдандагы V Азия оюндарынын ачылышында жыйынтыкталат.
Жарыш өлкөнүн беш аймагында 100 күндөн уланат.
V Азия оюндарына Азия жана Океаниядагы 60тан ашуун Улуттук Олимпиада кеңештери катышуу ниетин билдиришкен.
Бул арада укук коргоо уюмдары авторитардык өлкөнүн оюнга даярдыгына тынчсыздануусун билдиришкен. Спутниктен алынган сүрөттөргө таянган Amnesty International өткөн жылы оюн майдандарын курууга жер бошотуу үчүн 50 миңден ашуун адам үй-жайынан мажбурлап көчүрүлүш ыктымалдыгын билдирген.