Лондондо 5-майда мэрликке шайлоо өттү. Анын жыйынтыгында Лейбористтик партиянын өкүлү, 45 жаштагы Садик Хан көп добуш алганы маалымдалууда. Эгер ал жеңип чыкса Лондон тарыхында биринчи мусулман мэр болмокчу.
Шайлоо кампаниясында ага экстремизм боюнча айыптар тагылган эле. Консерваторлордун талапкери Зак Голдсмит Хандын атын оозанган сайын “радикал”, “коркунучтуу” деген сөздөрдү колдонуп, ал ислам экстремисттерине “платформа, мейкиндик, а тургай башпаана” берип атат деп айыптаган. Консервативдик партия лидери, Британия премьер-министри Девид Кэмерон да ушундай пикирде.
Мурдагы укук коргоочу, пакистандык автобус айдоочусунун уулу Садик Хан бүткүл лондондуктардын мэри болууга убада берген.