Москвада Улуттук жаңылыктар кызматынын редактору Александр Рубцовду өлтүрдү деп шектелген адам кармалды. Ал 1986-жылы туулган, Рубцовдун батиринде жашаган жигит экенин Тергөө комитети кабарлады.
Учурда иликтөө уланып, тийиштүү экспертизалар жүргүзүлүүдө.
Рубцовдун өлүмү тууралуу 5-майда белгилүү болгон. Аны Калугадан келген апасы көрүп калган.
Тергөө батир тонолуп, журналисттин денеси кескиленип, аеосуз ур-тепкиге алынганын билдирген. Улуттук жаңылыктар кызматынын өкүлдөрү кылмыш Рубцовдун кесиптик ишмердигине байланыштуу эмес деп болжолдошууда.