Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Өзбекстандык фотограф Вацлав Гавел сыйлыгын алат


Умида Ахмедова.
Умида Ахмедова.

Эл аралык Human Rights Foundation уюму быйылкы Вацлав Гавел атындагы өнөр аркылуу каршылыгын билдиргендер сыйлыгынын ээлерин атады. Алардын арасында өзбекстандык фотограф Умида Ахмедова, ирандык сүрөтчү Атена Фархадани жана орусиялык сүрөтчү-акционист Петр Павленский бар.

Уюм сыйлыкка “диктатуранын калптарын чын ниеттен, эр жүрөктүк менен ачыкка чыгаргандар” татый турганын жазды. Фархадани ирандык депутаттардын башынын ордуна жаныбарлардыкын коюп, социалдык тармактарга чыгарган келекеси үчүн 12 жылга соттолгон. Павленский болсо кескин саясий билдирүүлөрү менен белгилүү.

Умида Ахмедова Өзбекстанда документалдык фильм тарткан биринчи аял-режиссер катары да белгилүү. Ал негизинен гендердик теңчилик, кедейлик жана этникалык маселелерди көтөрөт. Өзбек айылдарындагы жашоону чагылдырган сүрөттөр тизмеги үчүн ал чагымчылдыкка жана “өлкө имиджине зыян келтирүүгө” айыпталган.

XS
SM
MD
LG