Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Баткен: өспүрүмдү тебелетип кеткен айдоочу камактан бошотулду


Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 16-мартта Кадамжай районундагы Орозбеков айылында 8 жаштагы баланы Өзбекстандын Фергана облусунан Сох анклавына бараткан автобус сүзүп кеткен. Өспүрүм окуя болгон жерден жан берген.

Айдоочу кармалып, милициянын тергөө абагына киргизилген. Ушул жумада Кадамжай райондук соту эки тарап элдешкенине байланыштуу чыгарган чечимине ылайык бошотулуп, мекенине жиберилди деп айтылат маалыматта. Кадамжай райондук соту эки тараптын элдешкенине байланыштуу ишти кыскартканын Баткен облустук сотунун маалымат кызматынан да тастыкташты. (JsA)

XS
SM
MD
LG