Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:31

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Красноярск шаарында май айларында коомдук транспортто теракт жасамак болгондор кармалганын билдирди. Бул тууралуу аталган кызматтын сайтында кабарланат.

Маалыматта эл аралык террордук уюмдар менен байланышы бар борборазиялыктар кармалганы жазылат. Тергөө жүрүп жаткандыктан кармалгандардын тек-жайы азырынча белгисиз.

4-майда ФСБ Москвадан борборазиялыктардан турган, башкалаада май майрамдарында теракт уюштурууга даярданган топту кармаганын билдирген. Орусиялык маалымат каражаттары алардын тогузу өзбекстандык, экөө орусиялык, ал эми бирөө кыргызстандык экенин жазышууда.

XS
SM
MD
LG