Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Сирияда тынчтык келишими үч күнгө узарды


Алеппо, Сирия. 3-май, 2016-жыл
Алеппо, Сирия. 3-май, 2016-жыл

Сириянын Латакия провинциясы менен Алеппо шаарында ок атууларды токтотуу келишими дагы 72 саатка узартылганын Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, макулдашуу 7-майга караган түнү күчүнө кирди.

Шаршембиде Орусия ок атышууларды токтотуу режими 7-майда аяктай турганын билдирген. АКШнын мамлекеттик департаменти Москва менен Вашингтон эки жумадан бери катуу салгылашуу жүрүп жаткан Алеппо шаарында тынчтык келишимин узартуу тууралуу макулдашканын жарыялаган.

Сирия өкмөтү менен оппозициянын ортосундагы элдешүү келишими эки ай мурда түзүлгөн. АКШ жана Орусия ортомчулук кылган макулдашуунун шарттары Алеппо шаары менен Латакия провинциясында аткарылган эмес. Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктары борборунун маалыматы боюнча, Алепподо соңку эки жумада кеминде 300дөй адамдын өмүрү кыйылды.

Алеппо экиге бөлүнүп, батыш тарабын өкмөттүк күчтөр, чыгышын оппозиция көзөмөлдөп жатат. Шаарда “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери аракеттенет деген маалыматтар да бар.

XS
SM
MD
LG