Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан «Азаттыкка» билдиришкендей, 5-майда Кызыл-Кыя шаарында милициянын нөөмөт бөлүмүнө келген кайрылуу боюнча тиешелүү үйгө барган участкалык милицияга кол көтөрүү болгон. Ош облусунун 33 жаштагы тургуну милиция кызматкерине бычак менен сес көрсөтүп, кийимин жана погондорун тытып салган. Бул иш боюнча Кылмыш кодексинин 341- беренесинин негизинде иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. Шектүү аял убактылуу кармоочу жайда. (JsA)