Кыргызгидрометеорологиялык агенттик билдиргендей, 8-майда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;
Суусамырда түнкүсүн -2…+3, күндүз 18…23;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;
Баткен облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз 5…10 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында 8-майда ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 25…27 градуска чейин жогорулайт.