Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Шыкмаматов: Түлеев президенттин макулдугусуз чыкмак эмес


Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Үч жылдан бери абакта отурган Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев боштондукка чыкканын Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов сынга алды.

"Паракорчулук менен күрөшүп атабыз деп Түлеевди камап атканда пиар кылышкан эле. Мен юрист катары айтсам, мыйзам баарына бирдей иштебегенин көрсөттү. Акчасы жоктор отуруп, акчалуулар чыгып кете берсе болобу деген жөнөкөй суроо туулат. Анда түрмөнүн теңин бошотуу керек. Элдин башын айлантпай Нарынбаев менен Коркмазовду дагы эрте эле бошотуу керек. Коррупциялык элементтерге жол берилди. Он бир жылга кесип, бир жарым жылда чыгарат дегенди сүйлөшүүлөр болгон деп түшүнсөк болот. Айта кетчү нерсе Түлеев президенттин макулдугусуз чыкмак эмес",- деди Шыкмаматов "Азаттыкка".

Бишкектин мурдагы мэри, үч жылдан бери абакта отурган Нариман Түлеев бүгүн боштондукка чыкты. Жаза аткаруу кызматынын маалыматына таянсак, Бишкектин мурунку шаар башчысы мамлекет койгон айып пулду толугу менен төлөдү.

Бишкектин Ленин райондук соту 2013-жылы июлда Түлеевди 11 жылга эркинен ажыраткан. Нариман Түлеевге Бишкектин мэри кезинде Кытайдан автобустарды сатып алууда мамлекетке 33 миллион сомго жакын зыян келтирген деп айып тагылган. Мындан тышкары таштанды ташуучу унаа сатып алууда мыйзам бузган жана шаардагы бала бакчалардын бирин мыйзамсыз сатып жиберген деп айыпталган болчу. (TSh)

XS
SM
MD
LG