Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:36

“Фонекс” байланыш тейлөөсүн токтотту


Бул тууралуу аталган байланыш операторунун расмий сайтында кабарланды. Андагы маалыматка ылайык, СDMA үлгүсүндө тиешелүү лизенциянын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу Кыргызстандын бардык аймагында тейлөө көрсөтүүнү 8-майдан тарта токтотору айтылат.

“Фонекс” деген ат менен белгилүү “Семь Мобайл” компаниясы Кыргызстанда байланыш операторлорунун бири. Ал негизинен CDMA үлгүсүндөгү байланыш тейлөөсүн көрсөтүп келген. Акыркы учурда башка байланыш операторлорунун GSM үлгүсүндөгү тейлөөсү кеңири таралгандыктан, бул оператордун кызматынан пайдалангандар кескин азайган. (BkA)

XS
SM
MD
LG