Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Кылмышка шектүүгө жасалма паспорт берилгени аныкталды


Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери кылмышка шектүүгө жасалма паспорт берген факт аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кабарларга караганда, 2015-жылы бир нече оор кылмышка шектелген Ысык-Көл облусунун тургуну кармалган. Ага 2008-жылы “адам өлтүрүүгө катышуу” беренеси боюнча издөө жарыяланып, бирок укук коргоо органдарынан качып жүргөн.

Жети жылдан соң кармалган жанында башка адамдын наамына жазылган жасалма паспорт табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө, кылмышка шектүү Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлерине пара берип, жасалма паспорт алганы жана эркиндикте жүргөнү аныкталган. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. (BkA)

XS
SM
MD
LG