Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:15

Ватикан "Георгий тасмасына" байланыштуу түшүндүрмө берди


Ватикан Рим Папасы Франциск “Георгий тасмасын” тагынганы боюнча түшүндүрмө берди. Ватикандын басма сөз кызматынын жетекчиси Федерико Ломбарди Рим Папасы “Георгий тасмасы” боюнча маалыматы болбогонун, аталган тасма тууралуу мурунку Советтер союзунан башка өлкөлөр билбей турганын айтып чыкты.

Ватикандын басма сөз кызматынын жетекчиси Рим Папасынын кабыл алуусу учурунда мындай окуялар көп болорун жана катышуучулардын кандай ниетте бергени тууралуу алдын алуу билүү кыйын экенин кошумчалады.

5-майда орусиялык маалымат каражаттары Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Павел Дорохин “Георгий тасмасын” Рим Папасына белек кылганын жазып чыккан эле. Орус ММКсы Рим Папасы бул тасманы кубануу менен атайын тагынганын кабарлап жатышкан.

Бул окуяга карата Украина жана башка өлкөлөр терс маанайын билдиришти.

Орусия Экинчи Дүйнөлүк согушта жеңиштин символу катары колдонуп келген “Георгий тасмасына” байланыштуу талаш-тартыштар көп болот.

XS
SM
MD
LG