Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

Азербайжан жана Армения ок атуу режимин бузганы үчүн бири бирин айыптоодо


Азербайжандын Коргоо министрлиги 8-майда билдиргендей, армян күчтөрү акыркы 24 саатта 120 жолу Тоолуу Карабакка жакын жайгашкан аймактагы аскерлерин аткылаганын кабарлады. Армениянын коргоо мекемеси болсо, азербайжандык аскерлердин снайпердик куралдан ок ачып жатканын кабарлоодо.

Мындай айыптоолор 5-апрелде тараптардын ок атууну токтотуу боюнча тынчтык келишимине карабай уланууда.

Азербайжан менен Армения ортосундагы Тоолуу Карабак жаңжалы 1990-жылдан башында чыгып, аймак Ереванга ыктаган жикчилдердин колуна өткөн. Согуш учурунда Азербайжан бир нече райондорун да тарттырып жиберген. 1994-жылы Кыргызстандын ортомчулугу менен согушту токтотуу келишимине кол коюлган.

Быйыл 2-апрелде абал кайрадан курчуп, салгылашууда эки тарап тең бир нече аскерин жоготту. Ошондон бери кырдаал чыңалып турат.

Армения өкмөтү 5-майда Тоолуу Карабакты көз карандысыз республика катары таануу боюнча мыйзам долбоорду жактырды. Бирок парламент аталган документти карай элек.

XS
SM
MD
LG