Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Сот журналист Орунбековдун арызын канааттандырган жок


Дайырбек Орунбеков
Дайырбек Орунбеков

Чүй облустук соту журналист Дайырбек Орунбековдун эки миллион сом айыппулду төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Орунбеков өзү кабарлады. Анын айтымында, буга чейин Аламүдүн райондук соту Орунбековго тагылган айыппулду 10 күндүн ичинде төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган. Журналист райондук соттун бул чечиминин үстүнөн даттанып, облустук сотко кайрылган.

Дайырбек Орунбеков 2014-жылы сентябрь “Мaalymat kg” интернет сайтына Ош окуясына байланыштуу макаласын жарыялаган. Анда июнь коогалаңына саясий баа берүү маселеси көтөрүлгөн. Башкы прокуратура макалада айтылгандар президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына доо келтирген деп кылмыш ишин козгоону талап кылган. Кийинчерээк доо арызды кароо Жарандык кодекстин негизинде жүргүзүлүп, журналистке миллион сомдук доо коюлган. 16-июндагы сотто башкы прокурор доонун өлчөмүн дагы 1 млн. сомго көбөйткөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG