Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 12-июлга чейин камакта калды


Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов
Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов

Бул тууралуу “Азаттыкка” алардын адвокаты Данияр Маманов билдирди. Камактагы саясатчылардын баш коргоо чарасын 7-майда Биринчи май райондук соту карап, ушундай чечим кабыл алган.

Маманов соттун чечимине каршы доо арыз берүү пландалып жатканын кошумчалады. Анын айтымында, сот чечимине оппозициячыл саясатчыларды колдоп келген тарапкерлери да нааразычылык билдиришти.

Оппозициялык саясатчылар "Эгемен Кыргызстан" партиясынын лидери Бектур Асанов менен "Чындык" партиясынын жетекчиси Кубанычбек Кадыровду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 24-мартта камакка алган.

Ага 22-мартта оппозициячыл маанайдагы айрым саясатчылардын Ошто өтчү жыйыны, бийликти күч менен алмаштыруу тууралуу сүйлөшүүлөрү делген тымызын жаздырылып алынган эки аудио тасма интернетте тараганы себеп болгон. УКМК бул аудио мурда козголгон кылмыш иштин негизинде жаздырылгандар менен дал келерин айткан.

Ал эми сүйлөшүүгө катышкандар бийликти күч менен басып алууга камынып жатат деген дооматтарды четке кагып, муну каралоо деп атап жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG