Ооганстанда алты талип согушкери 8-майда өлүм жазасына тартылды. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, согушкерлер Кабулдагы Пули-Чархи түрмөсүндө кармалып турган. Президенттин кеңсеси тынч тургундарга карата оор кылмыштары үчүн өкүм ооган баш мыйзамына ылайык ишке ашырылганын кабарлады.
Президент Ашраф Гани өткөн айда Кабулдагы согушкерлердин ири чабуулунан соң согушкерлерге жаза катаалданарын убада кылган. Анда 64 адам ажал таап, 340тан ашыгы жараат алган.
Гани согушкерлердин чабуулуна каршы катаал чаралар көрүлөрүн жана бул үчүн өзү жоопкерчиликти аларын билдирген.