Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:19

Ооганстанда жол кырсыгынан 50дөн ашык адам мерт болду


Ооганстанда ири магистралда эки автобус жана май ташуучу унаа кагышып, 50дөн ашык адам мерт болду. Кырсык бүгүн эртең менен Газни провинциясынын аймагындагы Кабул менен Кандагарды байланыштырган жолдо болгон. Үч машине тең өрттөнүп кеткен бул кырсыкта 70тен ашык адам жаракат алды.

Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, жол кырсыгы айдоочулардын күнөөсүнөн орун алышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG