Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Кабулда жолдо кырсыктан өлгөндөрдүн саны 70тен ашты


Кырсыктар мерт кеткендердин саны 70тен ашты.
Кырсыктар мерт кеткендердин саны 70тен ашты.

Ооганстандын чыгышындагы ири кан жолдо болгон кырсыктын курмандыктарынын саны 73кө жеткенин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымдашты.

8-май күнү эртең менен Газни провинциясынын аймагындагы Кабул менен Кандагарды байланыштырган жолдо эки автобус менен май ташуучу автоунаа кагышып, үч машине тең өрттөнүп кеткен.

Газни провинциясынын бийлик өкүлү Жавед Салангинин айтымында, эки автобуста 125тей адам болгон. Жаракат алган 50дөй киши жергиликтүү ооруканага жеткирилди.

Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жол кырсыгы айдоочулардын күнөөсүнөн болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG