Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:12

Стокгольмдо “Евровидение” сынагынын көргөзмөсү ачылды


"Евровидение-2016" сынагынын финалы 14-майда өтөт.
"Евровидение-2016" сынагынын финалы 14-майда өтөт.

Швециянын баш калаасы Стокгольмдо “Евровидение” ыр сынагынын 60-жылдыгына карата анын тарыхына арналган ири көргөзмө ачылды.

“АББА” тобунун музейинде ачылган көргөзмөдө ар кайсы жылдардагы жеңүүчүлөрдүн сахнага кийген костюмдары, бут кийимдери, музыкалык аспаптары коюлган. Бул жерден 2013-жылы жеңүүчү болгон австриялык Кончитта Вурсттун, 1988-жылкы баш байгенин ээси, дүйнөлүк ырчы Селин Диондун да көйнөктөрүн көрсө болот.

Көргөзмөнү конкурстун 1974-жылдагы жеңүүчүсү, швециялык “АББА” тобунун мүчөсү Бьорн Ульвеус ачты.

Быйыл Стокгольмдо өтүп жаткан сынактын жарым финалы 10-12-май күндөрү өтөт. Ал эми жеңүүчү 14-майда финалда белгилүү болот. 60-жолу өтүп жаткан музыкалык конкурска 42 өлкөнүн ырчылары катышат.

XS
SM
MD
LG