Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Бүгүн Жеңишке 71 жыл толду


Жеңиш күн.
Жеңиш күн.

Бул күнгө карата митинг-реквием Бишкектеги Жеңиш аянтында өтөт. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев баштаган өлкө жетекчилери, согуштун жана ооруктун ардагерлери, шаар тургундары катышат.

Ошондой эле “Өчпөс полк” аттуу жүрүш өтөт. Анда Бишкектин тургундары согуш катышуучулары жана кайтпай калган аскерлердин сүрөттөрүн көтөрүп, Түштүк дарбазадан Жеңиш аянтына чейин жүрүш кылышат. Ушундай эле иш-чаралар бардык аймактарда өткөрүлмөкчү.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 820га жакын согуштун, жети миңден ашуун ооруктун ардагери бар.

Улуу Ата Мекендик согушка жалпысынан 365 миң кыргызстандык катышып, алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган. (BkA)

XS
SM
MD
LG