Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Аламүдүн паспорт бөлүмүнүн башчысы пара менен кармалды


Чүйдүн Аламүдүн райондук паспорт бөлүмүнүн башчысы пара талап кылды деген айып менен камакка алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган жетекчи Кыргызстандын жарандыгын алган адамга паспорт берүү учурунда пара талап кылган. 7-майда көрсөтүлгөн параны алып жаткан учурунда укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул факт боюнча “пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иш козголду.(BkA)

XS
SM
MD
LG