Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Түндүк Корея ядролук куралды өндүрүүнү көбөйтөт


Ракетаны деңизден сыноо.
Ракетаны деңизден сыноо.

Түндүк Кореянын башкаруучу “Эмгек” партиясы коргонуу үчүн ядролук күчтөрдүн санын жана сапатын көбөйтүү боюнча резолюция кабыл алды. Мындай чечимдер өлкөдөгү жалгыз башкаруучу Эмгек партиясынын курултайынын үчүнчү күнүндө кабыл алынды.

Курултай жүрүшүндө Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын ядролук куралды коргонуу максатында гана, кимдир-бирөө Пхеньяндын көз карандысыздыгына коркунуч жаратса гана колдонорун билдирген.

Партиянын курултайы 40 жылдан бери биринчи жолу чакырылып, өтүп жатат.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму март айында ядролук сыноолорду өткөргөнү үчүн жаңы санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG