Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

Эски китептер фестивалында эң кичинекей куран китеби коюлду


Бул кичинекей куран китеби 1988-жылы жасалган.
Бул кичинекей куран китеби 1988-жылы жасалган.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, бул китеп 1988-жылы жасалган. Сырты темирден, ичи териден жасалган бул китепти кичинекейлигинен улам лупа менен гана окууга болот.

Маалыматка караганда, китеп Кадамжай районундагы Орозбеков айылында жашаган Паны аттуу жаранга тиешелүү болгон. Ушул тапта китеп Бишкекте сакталып турат.

Эски китептердин фестивалы Бишкекте 8-май күнү Борбордук мечитте уюштурулган. Анда өлкө боюнча жыйналган 200дөй эски китептер коюлган. Алардын арасынан эң эски китеп катары 14-кылымда чыккан китеп табылды. Фестивалда эң эски, эң көлөмдүү, эң кооз жазылган китепти сактап жүргөн ээлерине сыйлыктар ыйгарылды.

Бул иш-чара Тарых жана маданият жылынын алкагында рухий жана диний баалуулуктарды сактоо максатында уюштурулду. (AzK)

XS
SM
MD
LG